НТС

Аймактарда айрым талапкердин үгүттөөчүлөрүнө карата кысым күч алды (видео)

Президенттикке талапкер Омурбек Бабановдун Ош областынын Кара-Суу районунун Нариман жана Шарк айыл өкмөттөрүндөгү бир нече үгүтчүлөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуп жатканын билдиришти. Үгүтчүлөрдү айыл өкмөтүндө иштегендерден тарта, талапкердин атаандаштарынын штабындагылар дагы кысымга алганы күчөп жатыптыр. Мисалы, айыл өкмөт башчысы Бабановго үгүтчү болуп иштегендерге мындан кийин эч кандай жардам көрсөтүлбөйт, деп билдирген.