Заманбап жабдуулар, акыркы модадагы эмеректер жана жогорку сапаттагы тейлөө. “Кыргызстан” коммерциялык банкы өлкөнүн аймактарындагы филиалдарынын абалын жогорку деңгээлге чыгарып жатат. Жакында эле банктын Нарын жана Ысык-Көл областарындагы бөлүмдөрүндө чоң өзгөрүү болуп — имараттардын ичи-тышы толугу менен жаңыланды.