Көчөгө К. Бакиевдин атын бергендер суралууда (видео)

4866

Качкын президент Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган айылдык кеңештин депутаттары прокуратурага чакыртылып, түшүнүк кат жазышты. Көзөмөл орган өтө оор кылмыш үчүн сыртынан соттолгон адамдын атын көчөгө берүүнүн артында кимдер турганын иликтеп жатат.

Жалал-Абад областтык бийлик дагы элеттик депуттардын мындай кадамын мыйзамсыз деп эсептейт. Андыктан Ноокен районундагы Рахманжан айылдык кеңештин чечими артка кайтарылды. Буга чейин Бишкектин четиндеги жаңы конушта дагы Молдомуса Конгантиев атындагы көчө пайда болуп, коомчулуктун талкуусуна кабылган эле. Азыр ал жактын аты өзгөртүлдү.