НТС

Айрым ишкерлердин айынан жөө жүргүнчүлөр каза болууда (видео)

Ондогон ишкерлердин айынан жөө жүргүнчүлөрдүн өмүрү коркунучка кабылууда! Бишкектин Кызыл-Аскер аймагынын тургундары тротуар менен баса албай калганына бир нече жыл болгонун айтып даттанышууда. Жөө адамдар жүрүүчү тилкени коммерциялык обьекттер ээлеп алган. Андыктан тургундар унаа жолду бойлоп басууга аргасыз. Өзгөчө кооптуу абал Патрис Лумумба көчөсүндө түзүлгөн. Андагы жол өтө эле кууш, транспорт тынымсыз жүрүп турат. Анан да жол боюнда мектеп жайгашкан. Андыктан кырсыктарга да көбүнесе мектеп жашындагы балдар кабылууда.