Убактылуу кармоочу жайдагы адамды ким өлтүргөн? (видео)

1171

Камакта жатып, каза тапкан жаран. Чүй областынын Сокулук райондук милиция бөлүмүндө 51 жаштагы жаран табышмактуу жагдайларда жан берди. Маркумдун сөөгү кечээ таң эрте өзү жаткан камерада күзөтчү тарабынан табылган.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уурулукка шектелген 2 жарандын ортосунда мушташ чыгып, бирөө ошонун айынан каза болушу мүмкүн деп айтышууда. Бирок ал жаран кыйноодон улам мерт кетиши мүмкүн деген дагы версиялар бар. Учурда 3 берене боюнча кылмыш иши козголду.