Алтын балалыктын курулушуна 5 саатта 40 млн сом чогултулду (видео)

3416

Чолпон-Ата шаарындагы бейтаптарды жана эс алуучуларды кабыл ала турган «Алтын балалык» реабилитациялык борборун калыбына келтирүү үчүн 1 миллиард сомго жакын каражат талап кылынат. Объекттин курулушу 21 жыл мурда эле башталып, дубалы тургузулуп, бирок жумуш 2005-жылы токтоп калган.

Аны калыбына келтирүү үчүн учурда каражат жетишсиз болууда. Керектүү сумманы топтоо максатында Бишкек шаарында марафон уюштурулуп, 40 миллион сомдой чогулду. Эгер кайрымдуу адамдардан түшкөн акча жетпей калса, анда каражат өлкө бюджетинен бериле турганы маалым болду.