54

Аймактардагы өндүрүш ишканалары салыктан бошотулабы?


Алыскы аймактарды өнүктүрүү үчүн региондордо курулган өндүрүш ишканаларын узак жылдар салыктан бошотуу зарыл. Мындай демилге менен парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясы чыгып, тиешелүү мыйзам долбоорун сунуштады. Учурда документ Жогорку Кеңештин кароосунда. Бул демилге замандын талабы экенин аткаруу бийлиги да түшүнгөндөй. Себеби өкмөт дагы так ушундай идея менен чыгууда.