1910

Айпери Медет кызы аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду

1
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун багындырды. Спортчунун жараткан бул жеңиши биздин өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу болууда. Айпери Медет кызы 72 килограмдык салмакта 4 беттеш өткөрүп, финалдык мелдеште япониялык атаандашын 8/6 эсебинде жеңип алган. Муну менен бирге дагы бир балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова өлкөнүн намысын коргоп, коло байгеге ээ болду.