3164

Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болду

Айсулуу Тыныбекова
Азербайжанда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова алтын байге алды. Анда ал алгачкы беттеште түркиялык спортсменди 10:0 эсебинде утса, финалда азербайжандык Алёна Колесник менен таймашып, 5:2 эсебинде жеңген. Ислам шериктештиги оюндарында азырынча Кыргызстандын эсебине 4 алтын, 4 күмүш, 8 коло медал чогулуп, биздин өлкө 10-орунда бара жатат. Баку шаарындагы оюндар бүгүн аяктайт. Ага 54 мамлекеттен 3 миңге жакын спортчу катышууда.