529

Айсулуу Тыныбекова Азиянын чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова
Нью-Делиде өткөн биринчиликте ал алтын медаль тагынды. Мекендешибиз 58 килограммга чейинки салмак категориясында чейрек финалда казакстандык спортчуну 10:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Жарым финалда япониялык спорчу Кацуки Сакагами менен беттешип, аны да жеңип чыккан. Финалда индиялык спортчу Сарита менен беттешип 6:0 эсебинде жеңишти камсыздады. Буга чейин Азия чемпионатында Самат Шырдаков менен Нургазы Асангуловдор коло медаль алышкан. Белгилей кетсек, ушуну менен Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет Азиянын чемпиону болду.