155

Айтматовду ардактаган белгиялыктар


Бельгиялык окумуштуулар Чыңгыз Айтматовго байланыштуу архивдик материалдарды Кыргызстанга өткөрүп беришти. Анда аудио жана видео тасмалардан баштап, Чыңгыз Төрөкуловичтин сүрөттөрү, кол жазмаларынан бери бар. Кыргызстан үчүн абдан баалуу материалдарды тапшыруу аземи Брюссель шаарында болду. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышты. Чыңгыз Айтматовго байланыштуу материалдарды жазуучунун жакын достору Бланкоффтордун үй-бүлөсү чогулткан. Бул жубайлар көп жылдардан бери Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп келишет.