Милиция мал уурулукка шектелген 5 адамды колго түшүрдү

3979

Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Кочкор РИИБ менен криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери мал уурулукка шектелген 5 адамды колго түшүрүштү.

Алардан далил зат катары 4 баш уй (8 уй уурдалган) жана 8 жылкы алынган. Шектүүлөр «Мицубиси Галант» жана «Мерседес Спринтер» унаалары менен жүрүшкөн. Автоунааларга кароо жүргүзгөн учурда ок атуучу куралдар табылган.

Азыркы учурда шектүүлөрдүн ушундай кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу такталууда. Аталган факт боюнча бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.