НТС

Ак калпак күнү: Бишкектеги “Ала-Тоо” аянты шаңга бөлөндү (видео)

Улуттук баш кийимди даңазалаган улан-кыздар, ак элечек апалар, ак калпакчан аталар. “Ала-Тоо” аянтында Ак калпак күнү белгиленип, улуттук кийимдердин парады уюштурулду. Майрамдык иш чарага жогорку окуу жайдын студенттери, тайганын жетелеп, кушун таптаган салбуурунчулар дагы катышышты.

Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси да болду. Ошондой эле манас айтылып, комуздун коштоосунда акындар айтышып, салтанат эстрада ырчыларынын концерти менен уланды.