Оренбургдан Бишкекке 164 Кыргызстандын жараны учуп келди

6050

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн, 20-майда «Тез Жет» авиакомапаниясынын Оренбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты

«164 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды. Кыргызстанга келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылат. Бул каттам Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды», — деп айтылат маалыматта.

Мекенине кайтып келгендердин арасында 5 бала, 82 аял, анын ичинен 33ү кош бойлуу, улгайган курактагы же ден соолугу начар болгон 80 эркек бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.