Торт жасап үй-бүлөсүн баккан 16 жаштагы ишкер (видео)

1180

Кондитердик азыктарды жасап сатып, андан түшкөн каражатты үй-бүлөсүнө жумшаган жаш ишкер. 16 жаштагы Виктория Субботина бир нече жылдан бери буйрутма менен торт жасап, ата-эне, бир туугандарын багып келет. Кыздын өз апасы 3 жашында каза болуп, багаар көрөрү жок калганда агасы экөө балдар үйүнө өткөрүлгөн.

Ал жактан азыркы ата-энеси экөөнү асырап алган. Бирок былтыркы июль айында апасы коронавирустан каза таап, атасы болсо жүрөгүнөн операция болгон соң, үй-бүлөнүн түйшүгү жалгыз Викторияга жүктөлгөн. Буга чейин тортту хобби катары жасаса, эми анын киреше тапкан жалгыз булагына айланды.