НТС

АКШ Сенаты Жон Хантсманды Орусия элчилигине бекитти

epa05837645 (FILE) A file picture dated 03 June 2016 shows US politician and former Utah governor Jon Huntsman at an award ceremony during the Wroclaw Global Forum 2016 in Wroclaw, Poland. According to reports on 08 March 2017 Huntsman has been chosen as US ambassador to Russia. EPA/MACIEJ KULCZYNSKI POLAND OUT

Юта штатынын мурдагы губернатору, республикачыл Жон Хантсман АКШнын Орусиядагы элчиси болуп мартта эле дайындалган. Ак үй Москванын алдын ала макулдугун алуу үчүн анын талапкерлигин расмий бекитүүгө Сенатка жөнөткөн эмес.

Июлда Гамбургда өткөн “Чоң жыйырмалык” саммитинде президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусу учурунда Кремль Хантсмандын, Акүй Анатолий Антоновдун элчи болушуна макулдук берген.

Кийинчерээк Хантсман Сенаттагы жыйын учурунда Москванын саясатын АКШ үчүн негизги чакырыктардын бири деп атаган. Анын айтымында, Орусия башка өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн бузуу менен Европадагы коопсуздук жана туруктуулукка коркунуч жаратууда. Хантсман Москва АКШдагы президенттик шайлоолорго катышканын шексиз деп, бул маселени орус бийлигинин алдында көтөрүүгө даяр экенин айткан. Кремль бул айыптоолорду четке кагып келет.

56 жаштагы Хантсман 1992-1993-жылдары Сингапурдагы, 2009-2011-жылдары Кытайдагы Кошмо Штаттардын элчиси болгон. 2012-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.