НТС

Активисттер мэрди шайлоо өнөктүгүн болтурбоону талап кылышууда

«Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева билдиргендей, мындай чечим «Мэрди жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо» аталышындагы тегерек столдун жыйынтыгында кабыл алынды.

«Мэрге альтернативдүү талапкерлер болбогондуктан, шайлоо өткөн жок деп таанылышы керек, себеби бул шайлоо эмес, дайындоо», — дейт Умуралиева.

Ошондой эле, 8-августта өтө турган мэрди шайлоо өнөктүгүн болтурбоо тууралуу өтүнүч президентке, премьер-министрге жана БШКга жиберилгени маалым болду.