Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты (видео)

3520

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова соттук-психиатриялык экспертизадан өтүштү. Анын жыйынтыгы 10 күндөн кийин даяр болот экен. Эки эл өкүлү Кой-Таш окуясында атайын кызматтын өкүлдөрүн барымтага алган деп шектелишүүдө.

Талапка ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөргө мындай экспертизадан өтүү дайындалат. Ушундай эле текшерүүдөн мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев да өтмөк. Бирок ал баш тартканы кабарланды.