Кой-Таштагы башаламандык боюнча комиссиянын тыянагы чыкты (видео)

4340

7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу даяр болду. Ал парламенттин тармактык комитетинде каралып, бир добуштан жактырылды. Эми документ бейшемби күнү парламенттин жалпы отурумунда каралат.

Ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн түзүлгөн мамлекеттик комиссия 3 айга жакын иш алып барып, анын мүчөлөрү Кой-Таш айылынын тургундары менен жолугушкан. Ошондой эле, 11 мамлекеттик органдан тиешелүү материалдар алынып иликтенген.