Депутаттарга жогорку билим керекпи? (видео)

4846

3 жаран «Жогорку Кеңешке аттангандардын жогорку билими болушу керек» деген норманы жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык сотко кайрылды. Айтымдарында, бул норма жарандардын укугун бузуп, басмырлоого алып келет. Себеби баш мыйзамда «ар бир адам шайлоого жана шайланууга укуктуу» деп жазылган.
Ал арада айрым талдоочулар талапкерлердин дипломун эмес, квалификациялык талаптарга туура келгенин текшерүү зарыл дешет. Анткени буга чейин бир топ сынга кабылган парламентарийлердин 1 эмес, 2-3төн диплому бар экени да маалым болгон.