НТС

Акжол Махмудов Словакиядагы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту

Жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов коло медаль утту. Кыргызстандык балбан 77 килограмм салмактагы категорияда беттешке чыккан. Ал алгач кытайлык балбанды уткан. Кийин АКШлык Камал Беейди 9:1 эсебинде жеңген.

Айта кетсек, эки балбан биринчи жолу күч сынашып жаткан жок. Камал Бей менен Акжол Махмудов былтыр өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында да кездешип, анда америкалык балбан жеңип кеткен.

Ал эми кыргызстандык спортчу Акжол Махмудовдун байге куржунунда күрөш боюнча дүйнө чемпионатында утуп алган алтын жана коло медалдары бар.