НТС

Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына президентке талапкерлер тарабынан үгүттөө кампанияны  жүргүзүү мезгилинде  шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү  боюнча Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Башкы прокурордун  айтымында  тиешелүү көзөмөл жана контрол күчөтүлдү, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жарыяланган мыйзам бузуулар, анын ичинде шайлоочулардын добушун сатып алуу жана администрациялык ресурстарды колдонууга байланыштуу фактылар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Маалыматты угуп, Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага   президенттик шайлоолор мезгилинде  мыйзамдын сакталышына көзөмөлдү  күчөтүп, шайлоо мыйзамдарын бузуулар аныкталса, катуу чара көрүүгө тапшырма берди.