НТС

Алмазбек Атамбаев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Билим берүү — дүйнөдө Кыргызстандын татыктуу ордун камсыз кылып, өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы фактору. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин мугалимдерге жолдогон куттуктоосунда айтылат.

«Биз балдарды окутуу жана тарбиялоо боюнча бай тажрыйбабызды өркүндөтүүгө, окуучулардын татаал маселелерди чече билүү жөндөмүн өнүктүрүп, билимин иш жүзүндө пайдалана билүүгө үйрөтүшүбүз керек. Мына ушул жол бизди ийгиликке жеткирет», деп жазылган куттуктоодо.