473

Алмазбек Атамбаев Баатыр энелерге сыйлык тапшырды

555
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандык энелерди алдыдагы майрамы менен куттуктады. Бүгүн өлкө башчы апаларга «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» сыйлыктарын тапшырды. Салтанат учурунда мамлекет жетекчиси жалпы апаларды куттуктап сөз сүйлөп, эне мээримине эч нерсе тең келбээрин белгиледи. Президент көп учурда апаларга тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калгандыктан, беш жыл мурда энелер күнүн негиздегенин кошумчалады. Бул майрам 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. Алмазбек Атамбаев апаларга бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.