120

“Алтуха” деген каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимов абактан бошотулду

1
Криминалдык дүйнөнү өкүлү, “Алтуха” деген каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимовду кечээ Бишкектин Свердлов райондук соту актап, эркиндикке кое бергени белгилүү болду. Эске салсак, 2015-жылы жайында, аталган кылмышка шектүү жаран, уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен биргеликте Бишкектин бир тургунун “БМВ” үлгүсүндөгү унаага салып барып, Аламүдүн районундагы тоолордун арасында ага карата күч колдонушуп, 80 миң доллар талап кылышканы белгиленген.

Ошондой эле, алар жабырлануучунун кыймылсыз мүлкүн тартып алышканы да айтылган. Мындан тышкары, укук коргоо органдары Алтынбек Ибраимовду колго түшүрүү учурунда, чөнтөгүнөн 7 грамм гашиш табылган болчу. Судья өкүм чыгарууда жабырлануучуну уруп-сабоо жана опузалап акча талап кылуу фактысы такталбаганын билдирип, бул берене боюнча кылмышка шектүүнү актаган. Ал эми гашиш менен кармалуусу боюнча 4 жылга эркинен ажыратып, бирок иликтөө учурунда түрмөдө отурган күндөрүн эсептеп, сот залынан кое берген.

Тартип сакчыларынын берген маалыматы боюнча, Алтынбек Ибраимов уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деп эсептелип, ал криминалдык чөйрөдө “смотрящий” деген макамга ээ. Эске салсак, бир нече күн мурда Ош шаарында абакта отурган “Дженго” деген каймана ысымы менен белгилүү криминалдык авторитет Кадырбек Досонов дагы эркиндикке чыккан.