Абактагы миңдей адамга ырайым берилгени жатат (видео)

3519

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматында атайын комиссия куралып, алар жакын арада ырайым ала турган соттолуучулардын тизмесин түзүүгө киришишти. Анын алкагында жабык жайларда жаткан миңдей адам эркиндикке чыгышы ыктымал экен.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров телеканалдардын бирине интервью берип жатып, түрмөлөрдө жеңил-желпи жоруктары үчүн деле отургандар бар экенин жана аларды темир тор артында кармоодон көрө, эркиндикке чыгаруу пайдалуу болорун айткан.

Укук коргоочулар өлкөнүн тарыхында мынчалык көп адамга ырайым берилген эместигин билдиришүүдө. Ал арада бул мүмкүнчүлүктү оор кылмыш жасагандар колдонуп кетпейби деген кооптонуулар да орун алууда.