Эксперттер: Кримтөбөлдү кармоо операциясы жөн гана пиар (видео)

2704

Камчы Көлбаевдин камакка алынышы менен уюшкан кылмыштуу топтордун башка дагы активдүү мүчөлөрү колго түшөбү? Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, криминалдык топторго миңден ашык киши мүчөлүк кылат. УКМК Көлбаевди камакка алгандан кийин кылмыш дүйнөсүндө эмне өзгөрүшү мүмкүн деген суроолор көбөйүүдө.

Бирок айрым эксперттер криминалдык төбөлдү кармоо операциясын жөн гана пиар дешет. Анткени Көлбаев буга чейин дагы бир нече жолу камакка алынып, бирок абактан бат эле бошонуп жүргөн. Эми ал түрмөдө көпкө отурабы соттун чечиминен кийин белгилүү болот.