Жалал-Абадда куралчан кол салган кылмыштуу топтун өкүлдөрү кармалды

4837

Бул тууралуу аймактык милициядан билдиришти. Маалыматтарга караганда, быйыл 27-июлда Сузак районунун Бишкек-Ош автожолунун боюндагы күйүүчү май куюучу станциянын кызматкерине кара беткап кийген эки киши кол салып, курсак тушка атып кеткен. Алар жабырлануучудан акча талап кылышкан. Фактынын негизинде «каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Ош областынын Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну кармалган. Ал ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде кылмыштуу топтун өкүлү катары катталган. Ал ага чейин «экстремисттик же террористтик уюмдардын материалдарын жасоо, таратуу, сактоо» беренеси менен кылмыш жообуна тартылган. Райондук сот аны 2 айга тергөө абагына камады. Шектүү бул ишти Базар-Коргон районунун тургуну менен жасаганын айтып, ал издөөгө жарыяланды.

Ошондой эле, 7-август күнү да Базар-Коргон районун тургуну милиция кайрылып, алардын үй-бүлөсүнө 3 кылмышкер кол салып, акча талап кылганын айткан. Бул кылмыштын башкы уюштуруучусу аныкталып, ал буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары каттоодо турары аныкталган. Ал кармалгандан кийин жашаган жерин тинтүүдө бир катар ок атуучу куралдар, ок-дарылар табылган.

Ошондой эле кечээ Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун 6 өкүлү кармалды. Бул тууралуу бир катар сайттар өздүк булактарына таянып жазып чыгышты. Алардан бир нече автомат, тапанча жана башка курал жарактар алынганы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.