«Инфоком» виртуалдык паспорт даярдоодо (видео)

901

11 айдан кийин кыргызстандыктарга биометрикалык жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди. Бул «Санарип ID» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Учурда биометрикалык жалпы жарандык паспорттун бланкттарын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу соттук териштирүү аягына чыкканы белгилүү болду. Бирок бул боюнча жаңы тендер жарыяланабы же башка макулдашуулар жүргүзүлөбү айтыла элек. «Санарип ID» долбоору дагы кайсы мамлекеттик кызматтарды өзүнө камтыйт?