НТС

Amnesty International Трамптын Гуантанамону сактап калуу чечимин сынга алды

Dressed in orange coveralls, alleged al-Qaida and Taliban combatants captured in Afghanistan wash before midday prayers at controversial Camp X-Ray, where they are being held in cages at the US Naval Base at Guantanamo Bay, Cuba, 27 January 2002. US Secretary of Defense Donald H. Rumsfeld visited the prison Sunday.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму АКШ президенти Дональд Трамптын терроризмге айыпталгандар кармалган Гуантанамодогу түрмөнү сактап калуу чечимин сынга алды.

Трамп Гуантанамону сактап калуу тууралуу 31-январда Конгресстеги кайрылуусунда айткан. Анда президент жүздөгөн коркунучтуу террорчуларды эркиндикке чыгаруу туура эмес экенин белгилеп, АКШ терроризмге айыпталгандарга карата саясатын кайрадан карап чыкмайынча, түрмө ишин уланта берерин айткан.

2009-жылы Гуантанамону АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама жабууга аракет кылган. Анда ал камактагыларды мекенине кайтаруу, үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүү жана АКШ аймагындагы башка абактарга которуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Гуантанамодогу атайын абак 2002-жылы кенже Жорж Буш президент болуп турган маалда курулган. 2017-жылы анда 41 киши кармалып турган. Укук коргоочулар Гуантанамодогу адамдар кыйноого алынарын айтып, адам укуктары бузулуп жаткандыгын бир канча жолу билдиришкен.