Азия өнүктүрүү банкы: Кыргызстанда жумушсуздук 21% чейин өсүшү мүмкүн

6237

Азия өнүктүрүү банкы жана Бириккен Улуттар Уюму коронавирус пандемиясынын Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кырдаалга болгон таасири тууралуу баяндамасын жарыялаганын Азаттык кабарлайт. Ага ылайык, 2020-жылы ички дүң өнүм 10%, сырттан акча которуу 25% азайып, жакырчылык күчөй турганы божомолдонду. Жумушсуздуктун деңгээли эң начар сценарий менен 21% чейин өсүшү күтүлөт.

Кырдаалды оңдош үчүн чакан ишкерликти колдоо, эмгек мигранттарына гуманитардык жардам берүү, элдин ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жөнүндө сунуштар киргизилди.

Улуттук статистика комитетинин апрель айына карата маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 300 кишини түзөт. Буга чейин Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жакырлар 600 миң адамга чейин көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен. Расмий маалымат боюнча, өлкөдө бир млн. 313 миң адам жакырчылыкта жашайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.