Чодуев: Калкка жеңилдетилген шартта дээрлик 4,5 млрд сом насыя берилди

6002

Бүгүнкү күнгө карата калкка жеңилдетилген шартта дээрлик 4,5 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, пандемия шартында Айыл чарбасын каржылоо-8 долбоору уюшкандыкта өтүүдө. Анын алкагында бүгүнкү күнгө карата калкка жеңилдетилген шартта 4 млрд 453 млн сомдон ашуун насыя берилди.

Мындан сырткары, Айыл чарба министрлиги донор уюмдары менен иш алып барып, анын алкагында өзгөчө абал киргизилген Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунун дыйкандарына жеңилдетилген грант түрүндө жардамдар берилди. Алар — үрөн, күйүүчү-майлоочу майлар жана минералдык жер семирткичтер, — деп кошумчалады министр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.