НТС

Ар бир онунчу шайлоочу көзөмөл алдында добуш береби? (видео)

Шайлоо тууралуу мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн улам, үгүт иштерине мугалимдер менен дарыгерлер тартылууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасына мугалимдер менен дарыгерлердин кирбей калышы көп талаш-тартыш жаратууда. Мындан улам, президенттик шайлоодон кийин бул маселеге кайтып келип, документтеги боштуктарды толтуруу керек, дейт Осмоналиев. Ал арада, жер-жерлерде мугалимдер кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн үгүттөп, чуркап жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай түшүүдө. Мунун кесепетинен, кээ бир мектептерде сабактар үзгүлтүккө учураганы айтылган.