Аба тазалоочу жабдыктарга суроо-талап күчөдү (видео)

2264

Бишкек — дүйнө жүзүндөгү абасы эң кир шаар бойдон калууда. Абанын сапатын иликтеген уюмдун рейтингинде алдыңкы саптан түшпөгөн баш калаанын бүгүнкү көрсөткүчү 274 жеткен. Бул өтө зыяндуу деңгээлде дегенди билдирет.

Мындай жагдай калаа тургундарынын кооптонууларын жаратып, түтүндөн коргонууну каалагандар көбөйүп, аба тазалоочу жабдыктарга болгон суроо-талап күчөдү. Ал тургай, сатуучулар кампаларда запасы калбай калганын айтышууда. Ал арада кээ бир жарандар арзандыгына карап, аба тазалоочу жабдыктарды өз колу менен жасай башташты.