Улуттук банк: Эмгек мигранттарынын акча которуулары 19%га кыскарды

4505

Кыргызстанда чет жактан акча которуунун көлөмү азайганы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында жеке адамдардын акча которууларынын жалпы суммасы 343 миллион долларды түздү. Бул былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 19% аз.

Абдыгулов «Мигранттардан которулган акчанын азайышы өлкөдөгү жалпы суроо-талапка таасирин тийгизет жана калктын керектөө көрсөткүчүнүн жайлашын шарттайт» деди. Андан сырткары Кыргызстанда ишкердиктин активдүүлүгү төмөндөп, январь-апрель айларында ички дүң өнүм 3,8% кыскарган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.