Шайлоолор 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөт (видео)

2989

Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди. Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын тандап алуу боюнча жалпы элдик добуш берүү качанкыга белгилене турганы белгисиз бойдон калууда. Азыркы тапта референдум өткөрүүгө каражат жок экени маалымдалды.

Акыркы убактарда парламент тарабынан кабыл алынып жаткан саясий чечимдерди бийликти узурпациялоо катары баалагандар да жок эмес. Алтынчы чакырылыштын мөөнөтү 28-октябрда бүтүп жатканын эске алганда, кандай гана маселелер каралбасын конституцияга каршы келет, дешет эксперттер.