269

«АрМИ-2017»: Кыргызстандык аскерлер жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашат

3
Россиянын Алабино полигонунда өтүп жаткан «АрМИ-2017» танкалык биатлондо кыргызстандык аскерлер жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Аскердик мелдеш 3 этаптан туруп, анын алгачкысында улук лейтенант Кутманбек Надырбеков жетектеген кыргызстандык танкачылар марага үчүнчү болуп келишкен.

Анда биринчи орунду Россиянын аскерлери алышса, экинчи болуп марага сербиялыктар келген болчу. Учурда жарыштын дагы эки этабы болгону турат. Анын жыйынтыгы менен биздин танкачылар жарым финалисттердин катарына кирүү мүмкүнчүлүгүн алышы күтүлүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул аскердик мелдеште жүрүп бараткан танкадан бутага даана атуу жана атайын орнотулган бир канча тоскоолдуктарды кайпып өтүү зарыл. Былтыр Кыргызстан танкалык биатолондо 7-орунду алган болчу. Бул жылы таймашка 26 өлкөдөн 150 танкалык команда катышууда.