192

Арстанбапта жер көчкүдө калгандардын дагы бири каза болду

скончалсяЖалал-Абад областынын Арстанбап айыл-аймагындагы жер көчкүнүн астында калып, жабыр тарткандардын дагы бири көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, 24 жаштагы жергиликтүү тургун кечээ күнү кечки саат сегиздерден өтүп дүйнө салган. Ал Базар-Коргон райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жамбаш сөөгү сынып, оор даражадагы травматикалык шок абалында жаткырылган болчу.

Экинчи жабырлануучу 55-жаштагы тургундун абалы дагы өтө оор деп бааланып жатат, дешет дарыгерлер. Эске салсак, өткөн жекшемби күнү кечинде Жалал-Абад областынын Арстанбап айыл аймагында көлөмү болжол менен 300 куб метрге жеткен жер көчкү жүргөн. Анда аймакта суу түтүктөрүн оңдоп жүргөн 8 адамдын төртөөсүн көчкү басып калып, төртөө качып аман калышкан. Жер көчкү алдында калгандардын бирөө кырсык болгон жерден жан берсе, экинчиси ооруканага бараткан жолдо көз жумган болчу. Дагы экөө оор абалда райондук ооруканага жеткирилген эле.