Бажы пункттары онлайн көзөмөлдөнөт (видео)

3394

Бажылык тариздөө жайларындагы онлайн камералар тармактагы коррупциялык схемалардын алдын алууга көмөкчү болобу? Өлкөдөгү бажы көзөмөл пункттарынын иши онлайн көзөмөлдөнө баштады. Адистердин айтымында, мындай санариптештирүүнүн арты менен өлкө бюджетин толтуруу мүмкүнчүлүгү ачылат.
Буга чейин кошуна өлкөлөр менен болгон бажы статистикалары айырмаланып, ал коомчулукта суроолорду гана эмес, нааразычылыктарды да жараткан. Бирок бажы кызматкерлеринин айтымында, онлайн видео байкоолор орнотулгандан бери бажы алымдарынын суммасы бир кыйла жогорулаган. Мисалы, 2015-жылы 20 миллиард сомдон ашуун алымдар чогултулса, былтыр бул сумма 2 эсеге жогорулаган.