Ош областында жоокер электр тогунан жаракат алды

3461

Ошто бир жоокер электр тогунан жаракат алды. Бул окуя Алайдын Гүлчө айылында болгон. Башкы штабдан маалымдашкандай, №92843-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан ефрейтор полигондо өткөн машыгуу сабагынан кайтып келе жаткан.

Радиотелефонист жогорку вольттуу электр жабдыгынын жанынан өтүп бара жатканда радиостанциянын антеннасы аркылуу аралыктан ток урган. Андан кийин эле жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Азыркы тапта жоокер ооруканада, абалы орто оор деп бааланып жатат.

Бул окуя тууралуу Аскердик прокуратуранын Ош гарнизонуна маалымат берилип, кызматтык териштирүү башталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.