Ошто офицер чек ара кызматында акча топтоо фактыларын айтып чыкты

3446

Ош шаарында офицер чек ара кызматындагы коррупция боюнча айтып чыкты. Анда Ош областы боюнча чек ара башкармалыгынын чек арага көзөмөл уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери Талгат Аланов журналисттерге атайын маек куруп, «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирди.

Айтымында аталган кызматтын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турушат жана түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар. Ошондой эле кызмат орундары акчага сатылып, тутумда мыйзамсыз чынжырча түзүлүп калганын билдирди.

Бул билдирүүдөн кийин эле мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын башка кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүп, Алановдун дооматтарын четке кагышты. Алар «акча чогултулат» деген сөздөр жалган дешүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.