Ошто жоокер токко урунгандан кийин 2 жетекчи кызматынан алынды

4047

Оштогу аскердик бөлүктө бир жоокер токко урунгандан кийин 2 жетекчи кызматынан алынды. Алар 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири, полковник Бердибек Асанов менен 92 843-аскер бөлүгүнүн башчысы, подполковник Мелис Бошкоев. Аларды жумуштан бошотуу чечимин Башкы штабдын жетекчиси кабыл алды. Ал эми 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири болуп Урматбек Исаков дайындалды.

Окуя 4-декабрда Гүлчөдө катталып, келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор электр тогунан жаракат алганы маалымдалган. 92 843-аскер бөлүктөгү радио телефонист машыгуу сабагынан келе жаткан. Ал жогорку вольттуу электр жабдыгынын жанынан өтүп бара жатканда радио станциянын антеннасы аркылуу аралыктан ток урган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.