257

Астанада ШКУ саммити башталууда

Казахия
Бүгүн Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити башталды. Ага альянска мүчө өлкөлөрдүн башчылары катышууда. Казакстан бийлиги негизги иш-чаралары 9-июнга белгиленген саммит тарыхий мааниге ээ экенин билдирди.
Саммитте ШКУга Индия менен Пакистандын толук кандуу мүчө катары кириши күтүлүүдө. Иш-чаранын жыйынтыгында Астана декларациясы баш болгон бир катар документтер кабыл алынат.
Учурда ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Орусия мүчө. Мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Астанага президент Алмазбек Атамбаев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келген. Бүгүн Орусия президенти Владимир Путин келет. Алар экөө тең Астанада өтө турган эл аралык EXPO-2017 көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.