Бишкекке Катар жана Кувейттен 107 кыргызстандык учуп келди

5482

Бишкекке Катар жана Кувейттен «Эль-Кувейт – Доха — Бишкек» рейси аркылуу Кыргызстандын 107 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Биздин жарандар менен чогуу Казакстандын 31 жараны учур келди. Аларды аэропорттон казак тарап тосуп алып, атайын унаа менен Казакстан Республикасына алып кетти», — деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, учуп келген жарандардын баардыгы обсервацияга жөнөтүлдү. Чет жактагы жарандарды Кыргызстанга алып келүүнү уюштуруу боюнча иштер уланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.