ИИМ: Өлкөдөгү абалды туруксуздаштыргандарга чара көрүлөт (видео)

3061

Президенттик шайлоодон кийин өлкөнү курчутууга аракет кылгандарга жол берилбейт. Бирок митингге чыккандарга карата күч колдонулбайт. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери маалымат жыйын өткөрүп, маанилүү саясий өнөктүктүн алдындагы өлкөдөгү абал тууралуу айтып беришти. Анын алдында УКМК билдирүү таратып, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыкчам штаб иштеп жатканын кабарлады.

Атайын кызмат шайлоону үзгүлтүккө учуратууну каалаган криминалдык, экстремисттик топтордун чагымчыл акцияларын алдын алуу иштерине басым жасап жатыптыр. Ошондой эле Кыргызстанга кирип чыккан жарандар өзгөчө текшерүүгө алынууда. Ал эми милиция кызматкерлери менен чекисттер күчөтүлгөн тартипте иштей башташты.