Пираттык контентти колдонгон 10 телеканал айып пулга жыгылат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришкендей, мыйзамга ылайык телерадио компаниялар автордук укуктарды сактоого тийиш.
Ошондой эле, эфирге кеткен материалдардын 50% мамлекеттик тилде болушу шарт. Бирок бул мыйзам кагаз жүзүндө калууда. Көп телеканалдар пираттык контенттерди колдонуп жаткандыктан мыйзам чегинде иштегендер чоң чыгым тартууда.