238

«Ата-Түрк» паркы жеке колго өтүп кетиши мүмкүнбү?


“Ата Түрк” эс алуу багын жеке колго берүүгө жол ачылдыбы? Бишкек шаарынын тургундарын жашыл аймактын келечеги кабатыр кылууда. Анткени парк “Жашылдандыруу” ишканасынан муниципалдык Мүлк башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген. Паркты башкарууну колго алган мекеменин жетекчисинин айтымында, аттракциондор орнотулган жер гана ижарага берилет. Бирок экологдор мындай жол менен «Ата Турк» эс алуу багы талкаланат деп кооптонушууда.