ИИМ криминалды ооздуктоону баштады (видео)

2515

Уюшкан кылмыштуу топторго финансылык колдоо көрсөткөндөр эркинен ажыратылат. Дал ушундай маңыздагы мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги сунуштап, ал коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, кримтоптордун мүчөлөрүнүн жазасы кескин оорлойт.

Мисалы, “мыйзамдагы уурулар” 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Бирок документте жазага тартуу механизми так көрсөтүлгөн эмес. Тиешелүү мекеме азырынча комментарий берүүдөн карманганы менен, эксперттер ал Россиянын же Грузиянын тажрыйбасына окшош болорун айтышууда.