Жасалма акча менен кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди

3715

Жалал-Абадда жасалма долларларды алмаштыруу аракетин жасап жаткан жеринен диний уюмдун 3 өкүлү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Ага ылайык, шектүүлөр 100 номиналындагы 30 миң долларды сатканы жатышкан. Иликтөөнүн учурунда ал каражаттар кошуна өлкөлөрдүн биринен мыйзамсыз жолдор менен алынып келгени аныкталган. Анда 10 миң жасалма акчаны 4,5 миң чыныгы долларга которуу схемасы каралган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Ал эми кармалгандар 2 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул кылмышка катыштыгы бар дагы башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.