Депутат Дастан Бекешев эмнеге отурумга камчы көтөрүп келди? (видео)

4683

Журналисттик иликтөөдө айтылган 700 млн доллардын бюджетке тиешеси жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Аны толуктаган башкы финполчу Бакир Таиров өлкөдөн чыгарылган накталай миллиондор соодагерлердин товарынын акчасы экенин дагы бир жолу кайталады.

Парламентте коррупция жана контрабандага каршы күрөштүн жүрүшү талкууланды. Депутат Дастан Бекешев отурумга камчы көтөрүп келип, жемкорлор менен аткезчилерди сабоого чакырды. Жыйында эл өкүлдөрү тарабынан өкмөттүн дарегине катуу сын пикирлер айтылганы менен соңунда, министрлер кабинетинин иши жактырылды.